Бараа бин Аазиб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулман кабырда суралганда: "Лаа илаха иллаллаху Мухаммад расулуллохи " деп күбөлүк берет. Аллах Тааланын: "Аллах Таала ыйандуу пенделерин бул дүйнөдө да, акыретте да бекем сөзгө туруктуу кылат" - деген аятында ушул айтылган" (Ибрахим, 27-аят). Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пенде кабырында сурак берет. Аны атайын ушул ишке дайындалган эки периште Мункар жана Накир сурак кылат. Алардын ушундай аталышы бир канча хадистерде келген. Ошондо ыймандуу адам: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси" деп күбөлүк берет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын төмөнкү аяты ушул жөнүндө экендигин айткан: "Аллах Таала ыймандуу пенделерди бул дүйнө жашоосунда да, акыретте да бекем сөзгө туруктуу кылат" (Ибрахим, 27-аят).

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Кабырда сурак болору - чындык.
  • Ыймандуу адамдарды дүйнөдө да, акыретте да туура сөзгө бекем, туруктуу кылганы бул - Аллах Тааланын жакшылыгы.
  • Тавхид келмеси жана өлүм алдында бул келмени айтып өтүү - улуу иштерден.
  • Аллах Тааланын ыймандуу адамды бул дүйнөдө бекем кылганы, анын ыйманын бекемдеп, туруктуу түз жолдо сактаганы, өлүм алдында келме менен алганы жана кабырда сурак периштелерге туура жооп бердиргени.