Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мариямдын уулу Иса пайгамбар адамдарга адилеттүү жана Мухаммаддын шарияты менен өкүм кылуу үчүн жерге түшөрүнө аз калганын Аллахтын аты менен ант ичип айткан. Ал христиандар ыйык санаган крестти сындырат. Иса пайгамбар чочкону өлтүрөт. Ал салыкты жок кылат, адамдардын баарын Ислам динине кирүүгө түртөт. Байлык көбөйүп, аны эч ким кабыл кылбай калат; бул байлыктын көптүгүнөн, ар ким өз колундагыдан башкага муктаж болбогондуктан, береке жааганынан жана катар-катар жакшылыктар болгондуктан улам.