Көп киши өлтүрүп, зына кылган кээ бир мушриктер Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келишип, ага: "Силердин Исламга жана аны үйрөрүүгө чакырып жатканыңар жакшы нерсе. Бирок биздин абалыбыз кандай болот? Биз аткарып койгон ширк жана чоң күнөөлөрүбүздүн каффараты барбы?" - дешти. Ошондо Аллах Таала эки аят түшүрдү. Бул аятта Аллах адамдардын күнөөлөрүнүн көптүгүнө жана чоңдугуна карабастан, алардын тообосун кабыл кылганы айтылган. Эгерде андай болбогондо, алар каапырлык жана зулумдуктарын уланта беришмек жана алар бул динге кирмек эмес.