Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламга кирүүнүн пазилеттерин ачыктап айтып берди. Ошондой эле ким Исламды кабыл алып, такыба мусулман болуп, ыкластуу жана чынчыл болсо, анда жахилиятта кылган күнөөлөрү үчүн жооп бербейт. Ал эми ким Исламда жүрүп эки жүздүү болсо же динден чыгып кетсе, анда ал каапырлык кезинде кылган иштери үчүн жана Исламдагы кылган күнөөлөрү үчүн жооп берет.