Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахабаларынын бир тобу келип, аларга айтканга тил барбаган жаман ойлор келип жатканы туурасында сурашты. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Силерге келип жаткан ойлор ыймандуулуктун белгиси жана шайтан адамдын оюна салган азгырыктарын кайтарган мусулман адамдын бекем ишеними» - деп айтты. «Ошондой эле бул ойлорду айтуу силерге жийиркенүүнү алып келгендиги шайтан силерди азгырып албагандыгынан кабар берет. А эгерде андай келген ойлорду кайтарбасаңар же аны менен күрөшүп жакшы ойлорго өтпөсөңөр, анда шайтан силерди азгырып жүрөгүңөрдү ээлеп алгандын белгиси болот» - деп айтты.