Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шайтандын момунга салган азгырык суроолоруна кандай түрдө мамиле кылууну айтты. Шайтан адамга: «Муну ким жаратты? Тигини ким жаратты? Асманды ким жаратты? Жерди ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Ыймандуу адам ага шарият, таза табият жана акыл менен Аллах деп жооп берет. Бирок шайтан азгырууда бул чекте гана токтоп калбайт. Ал адамга: «Раббиңди ким жаратты?» - деген ойго чейин алып барат. Ошондо момун адам бул азгырыкты үч нерсе менен кайтарат: Аллахка ыйман келтирүү менен Аллахтан шайтандын азгырыгынан коргоону сурануу менен. Шайтандын салган азгырыктарын токтотуу менен.