Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтуучусу куру кол калбай турган жана өкүнбөй турган, тескерисинче сооп боло турган зикирлер жөнүндө айткан. Бул сөздөр парз намаздан кийин биринин артынан бири айтылат. Булар төмөнкүлөр: "Субхааналлах" деп отуз үч жолу айтуу. Б.а. Аллах Тааланы бардык кемчиликтерден таза деп аруулоо. "Алхамду лиллах" деп отуз үч жолу айтуу. Бул сөз Аллахты сүйүү жана улуктоо менен Анын кемчиликсиз толуктугун айтып мактоо. "Аллаху Акбар" деп отуз төрт жолу айтуу. Аллах Улук, Ал бардык нерседен Кудуреттүү, Чоң.