Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда акыркы ташаххуддан кийин, салам берүүдөн мурда төрт нерседен сактоосун Аллахтан суранат эле жана бизди да ушул нерселерден сактоону Аллахтан суранууга буйруган. Биринчи: Мүрзөдөгү азаптан. Экинчи: тозоктогу азаптан, бул кыямат күнүнө тиешелүү. Үчүнчү: тирүүлөрдүн фитна, азгырыгынан, тыюу салынган дүйнөлүк ышкы кумарлардан жана дүйнөнүн адаштыруучу шек-күмөндүү иштеринен. Ошондой өлүм фитнасынан, т.а. өлүм саатынан, ислам же сүннөттөн четтеп (өлүп) кетүүдөн, эки периштенин сурагы сыктуу мүрзөдөгү сыноолордон. Төртүнчү: акыр заманда чыга турган масих Дажжалдын фитна, азгырыгынан. Аллах ал аркылуу пенделерин сынайт. Анын жеке өзүн зикир кылып айтканы, анын фитнасы жана адаштыруусу коркунучтуу болгондугу үчүн.