Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактооосу болсун) намазда эки сажданын ортосунда ушул беш нерсени, мусулман пенде өтө муктаж боло турган, дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын ичине камтыган нерселерди сурап дуба кылчу. Биринчи: Күнөөлөрүн кечирүүнү, айып-кемчилигин жашырууну жана ал үчүн жазалабоону. Экинчи: Кенен ырайымын. Үчүнчү: Шектүү иштерден, ышкы-кумардан, оору-сыркоодон сактоону. Төртүнчү: Ак жолду жана ал жолдон адаштырбай алып жүрүүнү. Бешинчи: Ыйман, илим, жакшы амал жана адал ырыскысын берүүнү.