Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах" - деп айтчу. Мааниси: Ким Аллах Таалага мактоолорду айтса, Аллах Таала анын дубасын кабыл кылат жана анын мактоо-шүгүрлөрүн кабыл кылып, ага сооп-сыйлыктарды берет. Андан кийин Аллах Таалага ушул сөздөр менен мактоо-шүгүрлөрдү айтат: Оо, Аллах! Раббибиз, Сага асман толо жана жер толо, андан кийин каалаган нерсең менен толтура мактоолор болсун. Асмандарды, жерди жана алардын ортосундагы бардык нерселерди толтурган мактоолор болсун жана Аллах каалагандай мактоолор болсун.