Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким парз намаздардан кийин төмөнкү зикир-дубаларды айтса: Отуз үч жолу "Субханаллаах" десе, бул Аллахты кемчиликсиз деп аруулоо. Отуз үч жолу "Алхамду лиллаахи" десе, бул Аллахты жакшы көрүп, аны улуктап айткан алкыш-мактоо. Отуз үч жолу "Аллаху Акбар" десе, бул Аллах Таала бардык нерседен Улуу жана Бийик деген сөз. Жүзүнчүсүндө: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку валахул хамду ва хува аълаа кулли шайин кодиир" деп айтса, бул сөздүн мааниси: Жалгыз, эч шериги жок Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, бир гана Кемчиликсиз Аллах Таала толук мүлктүн ээси, Ага гана улуктоо жана сүйүү менен айтылган алкыш-мактоого ылайык, Андан башка эч ким буга ылайык эмес, Ал бардык нерсеге Кудуреттүү, Ал аткара албай кала турган эч нерсе жок дегенди билдирет. Мына ушул сөздөрдү айткан адамдын күнөөлөрү деңиз суусу толкуганда жээкте пайда болгон аппак көбүктөрдөй көп болсо да кечирилет.