Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын (Аллах андан ыраазы болсун) колунан кармап, ага мындай деди: Аллахка ант болсун, мен сени жакшы көрөм. Муаз, сага ар бир намазды окугандан кийин, бул дубаны айтууну осуят кылам: (Оо Аллах, Сени зикир кылууга мага жардам бер) таат-ибадатка жакындата турган бардык амалдар жана сөздөр менен. (жана Сага шүгүр кылууга жардам бер) жакшылыктарга жеткирип, жамандыктардан сактаганың үчүн. (жана жакшы ибадат кылууга жардам бер) Аллахка ыклас кылып, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрсөткөн тартипте ибадат кылууга.