Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир парз намаздан кийин "аят ал-Курсини" окуп жүргөн адамды өлүм эле бейиштен тосуп турарын айткан. Бул аят Бакара сүрөөсүнүн ичинде. Ал аятта Аллах минтип айткан: "Аллахтан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Өзу гана бар. (Ал) - түбөлүк Тирүү, ар нерсени башкарып Туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да кармабайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы! Анын алдында Анын уруксаты болмоюнча эч ким (эч кимге) шапаат-колдоочулук кыла албайт. Ал алардын (бардык макулуктардын) келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билишпейт. Анын курсийи асмандар жана жерден да кенен. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Аны такыр чарчатпайт жана Ал - эн Жогорку жана эн Улук!" (Бакара, 255-аят).