Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир парз намазында салам айткандан кийин ушул улук зикирди айтчу. "Лаа илааха иллаллооху": Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок деген маани. "Вахдаху лаа шарикалах": Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Тактап айтканда, улухиятта, рубубиятта жана ысым-сыпаттарында Анын шериги жок. "Лахул мулку": Бардык мүлк Аныкы, тактап айтканда, асман-жердин жана алардын ортосундагы жалпы, толук, бардык мүлк Ага таандык. "Ва лахул хамду": Алкыш-мактоолор да Ага жарашат, тактап айтканда, Ал кемчиликсиз толук сыпыттар менен сыпатталган, толук сүйүү менен макталган, баардык абалдарда жыргалда да, кыйынчылыкта да улукталган. "Ва хува аълаа кулли шайиң кодиир": Ал бардык нерсеге Кудуреттүү. Кудурети бардык жааттан жетиштүү, толук, эч нерсеге күчү жетпей калбайт, эч кайсы иш Ага тоскоолдук жарата албайт. "Лаа хавла ва лаа куввата илла биллаахи": Бир абалдан экинчи абалга, күнөөдөн таат-ибадатка кайтуу да, күч-кубат да Аллахтан, Ал жардам Берүүчү, тобокел Ага гана болот. "Лаа илааха иллаллааху, ва лаа наъбуду илла ийяху": Ширкти кетирүүчү жана улухияттыкты бекемдөөчү сөз, анткени Андан башка ибадатка татыктуу зат жок. "Лахун-ниъмату ва лахул фадлу": Нээмат-жакшылыкты жаратып ага ээлик кылган Аллах, пенделеринен кимге кааласа жакшылыкты ашыгы менен берет. "Ва лахус-Санааул хасан": Аллахтын затына, сыпатына, иштерине, нээматына жана бардык абалда Ага алкыш-мактоо болсун. "Лаа илааха иллаллооху, мухлисина лахуд-диин": Б.а. ибадатты көрсөтүү же угузуу үчүн эмес калыс Аллах үчүн Анын Өзүнө гана аткарылат. "Ва лав карихал каафирууна": Каапырлар жаман көрсө да, Аллахты жалгыздоодо жана Ага ибадат кылууда бекем турушат.