Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такбир айтып намазга киришкенден кийин фатиханы окуганга чейин бир азга унчукпай туруп калчу. Б.а. намазды кайсы бир дубаны окуп баштачу. Анын окуган дубасы мындай эле: О, Аллах! Мен менен менин каталарымдын арасын батыш менен чыгыштын арасын узак кылгандай узак кыл! О, Аллах! Ак кийим кирден таза болгондой мени да каталарымдан тазарта көр! О, Аллах! Менин каталарымды кар, суу жана шүүдүрүм менен жуба көр! Ал күнөө кылбастыгы үчүн күнөөлөрү менен анын ортосун чыгыш менен батыш бири-бирине жолуга албагандай эч жолуга албай турган алыс кылгын деп дуба кылган. Кокус ага жолугуп калса б.а. күнөө кылып калса, анда аны ак кийимдин кирин кетирип тазалагандай таптаза кылуусун, күнөөсүн эң жакшы муздак тазалоочу суу, кар жана шүүдүрүм менен тазалагандай тазалап анын табын жана ысыгын кетирүүсүн суранып дуба кылган.