Аттахиятта ага: "Ассаламу алайка айюхан-набию ва рахматуллохи ва баракатух..." деп айтууну үйрөнгөндөн кийин, сахабалар пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кантип салават айтуу керектигин сурашат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга салават кандай айтыларын үйрөтөт. Анын мааниси мындай: "Аллахумма солли алаа Мухаммад ва алаа аали Мухаммад" Мааниси: Бийиктиктеги периштелерге аны жакшы сөздөр менен макта жана динде аны ээрчигендерди, жакындарынан ыймандуу болгондорду да (макта). "Камаа соллайта алаа аали Иброхима" Ибрахим жана анын үй-бүлөсүн, алар Ибрахим, Исмайил, Исхак, алардын урпактары жана алардын динин ээрчиген ыймандуулар, артык кылган сыяктуу, артыкчылыгыңды Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да бер. "Иннака хамидум-мажид" Мааниси: Затыңда, сыпатыңда жана кыймыл-аракетиңде макталгансың, улуктугуңда, башчылыгыңда жана берешендигиңде кененсиң. "Аллахумма баарик алаа Мухаммад, ва алаа аали Мухаммад, камаа бааракта алаа аали Иброхима" Ага жакшылык жана ыззаттын эң чоңун бергин, аны көбөйт жана түбөлүктүү кыл.