Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазын бүткөндө: "Астагфируллох, астагфируллох, астагфируллох" - деп айткан. Андан кийин Аллах Тааланы улуктап: "Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" - деп айткан. Аллахтын Салам-тынчтык сыпаты толук, бардык айып-кемчиликтерден таза. Анын ушул сыпаты менен Анын Өзүнөн гана дүйнө жана акыреттин жамандыктарынан саламаттыкты сурайт. Аллах Тааланын жакшылыгы эки дүйнөдө тең көп, Ал улуулук жана жакшылыктын ээси.