Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шайтандын абалы жана түнкү же багымдат намазына турууну каалаган адам менен болгон күрөшү тууралуу кабар берет. Мусулман киши уйкуга жатканда, шайтан анын желкесине үч түйүн түйөт. Ал түн ичинде ойгонуп, шайтандын азгырыгына карабай Аллахты зикир кылса, бир түйүн чечилет. Эгер даарат алса, экинчи түйүн чечилет. Эгер туруп намаз окуса, үчүнчү түйүнү да чечилет. Аллах Таала ага таат-ибадат кылууга ийгилик бергенине, сооп-сый жана кечиримди убада кылганына сүйүнп, эртең менен сергек, маанайы жарык абалда ойгонот. А эгер намазга турбаса, маанай жок, жүрөгү кабатырланып, жакшы амалдарды аткарганга жалкоолонуп илең-салаң болуп турат. Анткени, ал шайтандын түйүндөрүнө байланып, Аллахтын ырайымынан оолактап калат.