Микдад бин Асвад (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурайт: согушта ал каапырлардын бирине бет келип, аны менен кылычташып, каапыр анын бир колун кылыч менен кыя чаап, анын качып барып дарактын артына жашынып: Лаа илааха иллаллааху деп келме айтса, аны өлтүрүү адал болобу? Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аны өлтүрбө" - дейт. Ал: оо, Аллахтын элчиси, ал менин бир колумду чаап салса да аны өлтүрбөймүнбү? - деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аны өлтүрбө, анткени анын каны сага арам болду. Эгер ал исламга киргенден кийин сен аны өлтүрсөң, ал каны ислам менен корголгон сенин ордуңда болот. А сен болсо аны өлтүргөнүң үчүн өч алууга каны адал болгон адамдын ордунда болуп каласың - дейт.