Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала аны, мушриктер эч шериги жок жалгыз Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине күбөлүк бермейинче жана Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын элчи экендигине күбөлүк бермейинче, ошондой эле бул күбөлүктөр талап кылган ибаадаттар: күнүмдүк беш убак намазды окумайынча жана татыктууларга зекет бермейинче, алар менен согуша берүүгө буйруганын бяндайт. Мына ушул иштерди аткарышса, анда Ислам алардын канын жана жанын сактайт. Аларды өлтүрүү адал болбойт. Бирок Ислам өкүмү менен өлтүрүүгө акылуу болгон кылмышка барса, анда өлтүрүлөт. Кийин кыяматта алардын ички сырын билген Аллах Таала аларга Өзү өкүм кылат.