Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) "бизден эмес" деген сөзү менен үммөтүнөн кээ бир (жаман) иштерди кылгандарга катуу эскертүү берген: Биринчиси: "Куш учурган жана учурткан киши". Бул мындай: кайсы бир ишти баштаарда, сапарга чыгарда, соода кыларда ж.б. куш учуруп ырым кылат. Эгер коё берген куш оң тарапка учса, каалаган ишин баштай берет. А эгер куш сол тарапка учуп кетсе, жаман ырым кылып ишин баштабайт. Мындайды өзү кылууга да болбойт, мындайды жасаган адамга барып жасатууга да болбойт. Буга ушул сыяктуу ырымдардын баары кирет, мейли ал куш аркылуу болсун, же айбанаттар, же майып адамдар, же сандар, же күндөр аркылуу болсун айырмасы жок. Экинчиси: "Көзү ачыктык кылган жана кылдырткан киши". Жылдыздар же башка нерсе аркылуу кайып илимин билем деп айтса, же ушундай көзү ачыктык кылган сыяктууларга барып, алардын кайып илими тууралуу айтканына ишенип тастыктаса, Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшкөн нерсеге (Куранга) каапыр болот. Үчүнчүсү: "Сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган..." бул сыйкырчылык менен алек болгон адам, же бирөөгө пайда-зыян берүү үчүн ушундайларды пайдаланган адамдар. Ошондой эле жипти түйүн кылып түйүп ага тыюу салынган сөздөр менен дем салып сыйкыр кылган адамдар.