Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бетин тытып, жакасын айрып, караңгы доорго чакырып, кыйкыргандар бизден эмес". Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламга чейинки доордогу кээ бир иштерди аткаруудан тыйып, катуу эскертип, бул иштерди кылгандар бизден эмес деп айткан. Биринчиси: Беттин кырына ургандар. Беттин кыры деп айтканы беттин көп бөлүгүн түзгөнү үчүн, негизи беттин бардык бөлүгүнө уруп, тытмалоого тыюу салынган. Экинчиси: Кайгыдан улам кийимдин башын чыгара турган жерин, жакасын айрыгандар. Үчүнчүсү: Караңгы доордогудай амалдарды кылуу, мисалы, кошок, өкүрүк, ж.б. коштогон дубаларды кылуу.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Бул хадисте айтылган тыюу бул амалдар чоң күнөөлөрдөн экенине далил.
  • Кайгы-кысыретке сабыр кылуу важыб. Аллахтын тагдырына ачуулануу жана аны өкүрүк, кайгыруу, чачты жулуп, кийимди тытуу менен билдирүү арам иш.
  • Шарият тыюу салган карангылык доордогу жаман адаттарды кармануу арам.
  • Кайгырып, көздөн жаш чыгарып ыйлоо эч нерсе эмес, бул Аллахтын тагдыр-өкүмүнө сабырсыздык деп эсептелбейт. Бул Аллах Тааланын (каза болгон адамга) жакын, аны жакшы көргөн адамдардын жүрөгүнө салган ырайымы.
  • Мусулман адам Аллах Тааланын тагдыр-өкүмүнө ыраазы болушу керек. Эгер ыраазы болбосо да, ага сабыр кылуу важыб.