Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тычтыгы жана мактоосу болсун) келечектеги кайып кабарлар тууралуу айткандар жөнүндө суралды эле, ал: "Аларга арлашпагыла, алардын айтканын укпагыла, алардын кылганы силерди кыжаалат кылбасын" - деген. Кээ бир окуяларда алардын айтканы туура чыгып калып жатат, мисалы, баланча айда, баланча күнү мындай болот деп кайып ишти айтса, ошолордун айтканындай болуп калган учурлар болот дешет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиндер асманда айтылган кабарларды тыңшап угуп келет да көзү ачык досторуна түшүп укканын аларга айтат. Кийин көзү ачык анын асмандан укканына жүз жалганды кошуп жиберет.