Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жахилияттагы адамдардын, оору Аллахтын тагдырысыз эле бирөөдөн бирөөгө жугат деген ишеними туура эмес экенин айткан. Ошондой эле жамандыкка жоруу да туура эмес. Ал угулган же көрүлгөн кайсы бир нерсе менен ырым кылуу, мисалы куштар, жан-жаныбар, майып адамдар, сандар, күндөр ж.б. нерселер менен ырым кылып жамандыкка жоруу. Ал эми куш учуруу деп баса белгилеп айтканынын себеби, исламга чейинки доордо жамандыкка жоруунун ушул түрү өтө кенен жыйылган болчу. Мунун негизи мындай: Бирөө сапарга чыкмакчы болсо же соода кылмакчы болсо, же дагы башка бир ишке киришерде куш учуруп көрөт. Эгерде койо берген кушу оң тарапка учуп кетсе, аны жакшылыкка жооруп, ишине кирише берген. А эгер куш сол тарапка учуп кетсе, аны жамандыкка жооруп, баштай турган ишин кылбай токтотуп койгон. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны фаьл таң калтырарын айткан. Бул кайсы бир жакшы сөздү угуу аркылуу инсандын жүрөгүнө кубаныч кирип, Аллах жөнүндө жакшы ойдо болуусуна себеп болот.