Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Тозокко түшүп эң жеңил азап менен азапталып жаткан тозок тургунуна кайрылып, Аллах Таала: Сенде бутүндөй дүйнө жана андагы бардык нерселер болсо, ошонун баарын ушул азаптан кутулуу үчүн берет белең? деп сурайт. Тиги адам ооба деп жооп берет. Аллах Таала минтип айтат: Сен Адамдын белинде турганыңда силерден ант келишим алганда Мен сенден буга караганда өтө жеңил нерсени талап кылгам, сенден болгону Мага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылууну талап кылып, ушуга буйругам. Кийин сен жашоого келгениңде мындан баш тартып, Мага башка нерсени шерик кылдың.