Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жамаат адам келет, алардын саны он болчу. Алардын тогузу менен исламга кирүүгө жана аны ээрчүүгө келишим-убадасын алат. Бирөөсү менен андай келишим кылбай койот. Мунун себебин сураганда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Анын тумары бар экен. Тумар дегени, мончок, же дагы башка бир нерселерди жипке байлап, көз тийүүдөн жана башка зыяндан сактайт деп тагынып алуу. Ошенткенде тиги киши колун салып тумарын кесип алып таштайт. Ошондон кийин гана пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны менен келишим кылат. Анан тумар тагынуудан тыйып, эскертип, аны тагынуунун өкүмүн баяндайт: "Тумар тагынган киши чынында ширк кылган болот".