Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча сахабалар менен туруп, кээ бир иштерди бекем кармоого ант, келишим кылуусун алардан үч жолу талап кылат: Биринчиси: Аллах Тааланын буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып, Ага эч нерсени шерик кылбай ибаадат кылууга. Экинчиси: Күнү-түнү окула турган беш убак парз намазды калтырбай окууга. Үчүнчүсү: Шариятка каршы келбеген иштерде мусулмандарга башчы болгон адамды угуп, баш ийүүгө. Төртүнчү: Бардык муктаждыктарын Аллахтан күтүп, адамдардан эч нерсе сурабоого. Ушул сөздү айтканда пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) үнүн мурдагыдан акырыныраак чыгарды. Чынында, сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) берген ант-келишимдерин так аткарышты. Атүгүл, хадисти айткан киши айтат: Ошол сахабалардын кээ бири камчысын түшүрүп жиберсе, аны алып берүүнү бирөөдөн суранбай, өздөрү түшүп алганын көрдүм.