Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, өзүнө тиешелүү иштерин сүйлөшүп, анан: "Аллах жана сен кааладың" деп айтат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын айтканын четке кагып, пенденин каалоосун Аллахтын каалоосуна жана деген байламта аркылуу кошуу кичине ширк болорун эскертет. Мусулман адамга минтип сүйлөөгө болбойт. Анан ага туура сөздү үйрөтүп: "Жалгыз Аллах каалады" деп, каалоосунда Аллахты жалгыздоону, анын каалоосуна башка бирөөнүн каалосун эч кайсы байламта менен кошууга болбостугун эскертет.