explain-icon

exp

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырлардын үстүнө отурууга тыюу салган. Ошондой эле кабырда намаз окууга жана кыбыла тарабындагы кабырга жүздөнүп намаз окууга тыюу салган. Анткени, бул ширкке алып баруучу иштерден.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Кабырдын ичинде, кабырлардын арасында, же кабырга жүздөнүп намаз окууга болбойт. Бир гана жаназа намазын окууга болору сүннөттө айтылган.
  • Кабырларга намаз окуудан тыюу - ширкти пайда кылчу иштерден тосот.
  • Ислам дини кабыр тууралуу чектен чыгуудан жана аны кордоодон тыят. Аша чабууга да, шалаакылык кылууга да болойт.
  • Мусулмандын урматы ал өлгөндөн кийин да сакталат, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Өлүктүн сөөгүн сындыруу - тирүү кезинде сындыргандай эле (күнөө)" - деген.