Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарда жүрүп, адамдар эс алууга токтоп, уктоочу жайына тиккен чатырларында турган кезде аларга чабарманын жиберип, аларды төөлөрүнүн моюнуна байлаган мончокторун кыркып алууга буйруду. Мейли ал мончок жаанын тебе жибине байланган болсун, же коңгуроо, чокой сыяктуу нерсе болсун. Анткени, алар мындай нерселерди көз тийүүдөн сактануу үчүн байлашар эле. Аларды кесип таштоого буйрулушту. Себеби мындайлардан эч нерсе кайтарылбайт б.а. мындайлар көз тийүүдөн тосо албайт. Пайда да, зыян да шериги жок Жалгыз Аллахтын колунда.