Ыймандуулардын энеси Умму Салама (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Эфиопия жеринде болгондо "Мария" деп аталган чиркөөнү көргөнүн, анда картиналар, оймо-чиймелер, сүрөттөр бар экенин таң калып айтат. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай сүрөттөрдү коюуунун себептерин түшүндүрөт. Сен айтып жаткан адамдар, эгер алардын арасындагы ийги иш-амал кылган кишилерден бирөөсү дүйнөдөн өтсө, анын кабырына намаз окуй турган мечит куруп алышат. Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат - дейт. Ошондой эле, мындай ишти кылгандар Аллахтын алдындагы эң жаман адамдар экенин айтат. Анткени мындай иштер Аллах Таалага ширк кылууга түртөт.