Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат" - деп айтты. Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын пенделердеги акысын жана пенделердин Аллахтагы акысын баяндап берди. Аллахтын пенделердин үстүндөгү акысы – алар жалгыз Ага ибадат кылуулары жана Ага эч нерсени шерик кылбоо экендигин айтты. Ал эми пенделердин Аллахтагы акысы – Ага эч нерсени шерик кошпой, жалгыз Өзүнө сыйынган пенделерин азаптабашы. Андан кийин Муаз айтты: Оо, Аллахтын Элчиси, мен адамдарга сүйүнчүлөп, алар бул жакшылыкка кубанып, сүйүнүшпөсүнбү? - деп сурады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ушуга гана таянып калышат» - деп коркуп, аны тыйды.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Аллах Таала парз кылган пенделердин Аллахка болгон акыларын түшүндүрдү. Ал акылары - Аллахка гана сыйынуулары жана эч кимди шерик кошпоолору.
  • Аллах Өзүнүн пазилети жана жакшылыгы менен Өзүнө милдет кылган пенделеринин акысы - аларды эч бир азапка салбай бейишке киргизүү
  • Бул хадисте Аллах Таалага эч нерсени шерик кошпогон муваххидтерге, алардын акыбети бейишке кирүү экендигине чоң сүйүнчү бар.
  • Бул хадисти Муаз (Аллах андан ыраазы болсун) өлөр алдында айткан. Анткени ал илимди жашыруу күнөөсүнөн коркуп элге айткан.
  • Сөзсүз аткарыла турган өкүмдөрдү жана шарияттын чектерин камтыбаган кээ бир хадистерди анын маанисин түшүнбөгөн адамдар башкача мааниде түшүнүп алуусунан коркуп, кээ бир адамдарга айтпаса болот.
  • Ал эми күнөөкөр муваххидтер Аллахтын каалоосунун астында. Ал кааласа азаптайт, кааласа кечирет. Бирок алардын акыркы бара турган жайы бейиш болот.