Пайгамбарыбыз (ага Алллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким "лаа илааха иллаллоох" деп тактап айтканда, Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок деп тили менен айтса, күбөлүк берсе, анан Аллахтан башка сыйынып жүргөн нерселеринен баш тартса, Исламдан башка бардык диндерден баш тартса, анын каны жана малы мусулмандарга арам болорун кабарлаган. Биз анын сырткы амалына гана карайбыз, анын малы тартып алынбайт, каны төгүлбөйт. Бирок кокус кылмыш кылып, же жазага кириптер болуп калса гана Ислам өкүмдөрү менен кылмышына жараша өкүм чыгарылат. Ал эми анын эсеп-кысабын кыямат күнү Аллах жүргүзөт, эгер айтканында чынчыл болсо сообун алат, эгер эки жүздүүлүк кылып жалган айткан болсо жазасын алат.