Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таагут-шайтандарга, тагыраак айтканда, мушриктер Аллахтын ордуна сыйынган бардык бут-буркандардын аты менен ант ичүүдөн тыйган. Бул алардын чектен чыгып, каапыр болгону үчүн. Ошондой эле ата-бабаларынын аты менен ант ичүүдөн да тыйган. Жахилият учурунда араптарда мактаныч жана ыйыктоо үчүн аталарынын аты менен ант ичүү адаты болгон.