Бир киши Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзгөчө эки маселе туурасында сурады. Алар: Бейишке киргизген амал жана тозокко түшүргөн амал. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Бейишке киргизген нерсе - ал адам Аллахка сыйынып жана ага эч нерсени шерик кылбай өтүшү" - деп жооп берди. Ал эми тозокко түшүүгө себеп болгон нерсе - бул адам Аллахка шерик кошуп өлгөндө, бирөөнү Аллахка тең же Анын улухуятында, же рубубиятында, же Анын ысымдары менен сыпаттарында окшош деп эсептегенде болот.