Абу Хумайд же Абу Усайд риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын". Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган
explain-icon

exp

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө мечитке киргенде айтылган дубаны үйрөткөн. Ал дуба: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" б.а. ал Аллах Тааладан ага ырайымынын себептерин даярдап берүүсүн суранат. Эгер сыртка чыккысы келсе, анда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" -деп айтсын. Ал Аллахтан Анын жакшылыктарын жана адал ырыскынын жакшылыгын көбөйүүсүн сурайт.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Мечитке киргенде жана чыкканда бул дубаны айтуу сооптуу.
  • Кирүү менен ырайымдуулукту, чыгуу менен жакшылыктарды суроонун өзгөчөлүгү: кирген адам Аллахка жана бейишине жакындата турган нерселер менен алек болот. Ошондуктан ырайымдуулукту айтуу ылайыктуу. Ал эми сыртка чыкканда, Аллахтын ырыскысын издеп, жер жүзүн айланат. Ошондуктан Аллахтын жакшылыктарын айтуу ылайыктуу.
  • Бул дубалар мечитке киргенде жана андан чыкканда айтылат.