Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын алдында халил макамына ээ экенин, ал халил макамы жакшы көрүүнүн эң жогорку даражасы экенин жана ага Ибрахим пайгамбар жеткендей пайгамбарыбыз да жеткенин кабар берди. Ошондуктан Пайгамбар өзүнө Аллахтан башканы халил болуусун тыйган. Анткени анын жүрөгү Аллах Тааланы сүйүүгө, улуктоого, жана Аны таанып билүүгө толгон болчу. Ошондуктан ал жүрөгүнө Аллахтан башка эч кимди батырган эмес. Эгерде Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардан кимдир бирөөнү халил кылып ала турган болсо, анда Абу Бакрды (Аллах андан ыраазы болсун) халил кылып алмак. Андан кийин Пайгамбар (Аллах андан ыраазы болсун) бирөөнү жакшы көрүүдө уруксат берилген чектен Яхудийлер жана христиандар сыяктуу ашып кетүүдөн эскертти. Алар пайгамбарларын жана салих адамдарын чектен чыгып сүйгөндүктөрү себептен алардын кабырын сыйынуучу кудайча кылып алышты. Алардын кабырларына мечиттерди жана ибадатканаларды тургузушту. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнү яхудийлер жана христиандар аткарган нерселерден кайтарды.