Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хунайнга жөнөп чыгат, ал Мекке менен Таифтин ортосунда жайгашкан өрөөн. Аны менен бирге Исламга эми эле кирген сахабалар да бар эле. Жолдо алар "Заат анваат" б.а. илинчектүү дарак деп аталган дарактын жанынан өтүшөт. Бул даракты мушриктер ыйык санап, андан береке үмүт кылып курал-жарагын жана башка нерселерди илип коюшчу. Динге жаңы кирген сахабалар пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга да ошол дарак сыяктуу курал-жарагын илип алып береке тилей турган дарак дайындап берүүсүн суранат. Алар муну туура иш деп ойлошкон. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын атйкан сөзүн четке какканын билдирип, Аллахты улуктап "Субхааналлах" деп тасбих айтат. Анан алардын айтканы Мусанын коому ага (Бизге да алардын кудайы сыяктуу кудай дайндап бер) деген сөзүндөй экенин айтат. Алар да буттарга ибадат кылып жаткандарды көрүп, ошол мушриктердики сыяктуу аларга да буттарды кудай кылып берүүсүн талап кылышкан. Мындай кылуу алардын жолун ээрчүү болот. Андан соң пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келечекте мусулман үммөтү да жөөт жана христиандардын жолун ээрчип, алар кылганды кыларын айтып, мындай кылуудан тыйып катуу эскертти.