Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун), коштошуу ажылыгында, курбандык күнү эртең менен Акабада таш атууга пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге барганын айтат. Аны жерден шайтанга атчу таштардан алып берүүгө буйруйт. Ал жети таш алып берет. Анын ар бири мысыр буурчагы же фундук көлөмүндө болчу. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды колуна алып, ары-бери кыймылдатып, анан мындай дейт: Атканда ушундай өлчөмдөгү таштар менен аткыла. Андан кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дин иштеринде аша чабуудан, оорлотуудан жана чектен чыгуудан тыйып эскертти. Анткени, өткөн үммөттөрдөн (кээ бири) динде чектен чыкканы жана ыгы жок оорлоткону үчүн кыйрап жок болгон.