Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) парз намазды таштоодон сактанууну эскертти. Жана адам менен ширкке жана куфрга түшүп калуунун ортосунда намазды таштоо гана тураарын кабар берди. Намаз Исламдын экинчи түркүгү, анын Исламдагы мааниси чоң. Кимде-ким намазды таштаса, анын парз экенин четке какса, мусулмандардын ижмаъсына ылайык каапыр болот. Эгер шалаакылык жана жалкоолук менен аны толугу менен таштаса, анда ал каапыр болуп саналат жана бул жөнүндө сахабалардын ижмаъсы кабарланган. Ал эми намазды кээде калтырып, кээде окуса, анда ал катуу азапка дуушар болот.