Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким кайсы бир парз намазды окууну убактысы бүткүчө унутуп калса, аны эстеген замат казасын окууга шашылуусу керек экенин баяндады. Эгер мусулман унуткан намазын эстегенде окубаса кайдыгерликтин күнөөсү кечирилбейт жана өчүрүлбөйт. Анткени Аллах Таала Өзүнүн ыйык китебинде айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку". [Таха: 14]". Мааниси: унутулган намазды эстеген кезде оку.