Бурайда (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан: Асыр намазын эртерээк окугула, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Ким асыр намазын калтырса, анын амалы текке кетет" - деген.
Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) асыр намазын убактысынан атайлап кечиктирүүдөн эскерткен. Ким кечиктирсе иш-амалдары жокко чыгып, текке кетерин айтты.
Хадистин пайдалары
Асыр намазын абалкы убактысында окуу жана ушуга аракет кылуу керек.
Асыр намазын калтырган жана убактысынан кечиктирген адамга катуу эскертүү бар. Аны кечиктирүү башка намаздарды кечиктирүүдөн оор күнөө. Анткени ал Аллах Таала: "Намазыңарды, айрыкча ортоңку намазды бекем сактагыла" - деп баса белгилеген ортоңку намаз. (Бакара, 238-аят).