Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ата балдарын (уулбу, кызбы айымасы жок) жети жашында намазга буйруусун жана намаз окуу үчүн эмнени билиш керек болсо, аны үйрөтүү керектигин айткан. Ал эми он жашка чыкканда да намаз окубаса буйругандан сырткары уруу керектигин жана (ушул жашка чыккан уул бала менен кыз баланын) төшөгүн ажыратуу керектигин айткан.