Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уурулук кылган адамдын эң жаманы, намазынан уурдаган адам экенин баяндады. Себеби, башка бирөөнүн акчасын алуу, бул дүйнөдө ага пайда алып келиши мүмкүн. Намазын уурдаган ууру бул уурудан айырмаланып турат. Анткени ал өзүнүн сооп-сыйлыгын уурдап алат. Сахабалар: "Оо, Аллахтын Элчиси, ал намазынан кантип уурдайт?" - деп айтышты. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт" - деп айтты. Себеби, ал рүкүдө жана саждада шашып, эки рекет намазын толук турдө аткарбай калат.