Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Абдуллах бин Масъудга (Аллах андан ыраазы болсун) намазда айтыла турган ташахудду үйрөттү. Ибн Масъуддун көңүлүн буруу үчүн анын колун кармады. Курандын кайсы бир сүрөсүн үйрөткөндөй үйрөткөнү, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул ташахуддун маанисине да, айтылышына да зор маани бергенине далил. Анан ал мындай деди: "Аттахияту лиллаах": Бул, улуктукту билдирген бардык иштер жана сөздөр, булардын баары Аллах Таалага ылайык деген маани. "Ас-Солаваату": Бул, белгилүү болгон парз жана напил намаздар Аллах үчүн деген маани. "Ат-Тоййибаат": Бул, толуктукту билдирген сөздөр, иштер, сыпаттар баары Аллахка ылайык деген маани. "Ас-Салааму алайка аййухан-Набиййу ва рахматуллохи ва баркатух". Ага (пайгамбарга) апаат жана жамандыктардан саламаттыкты тилеп жана ага бардык жакшылыктын көбөйүп, мол болуусун суранып дуба кылуу. "Ас-Салааму алайнаа ва ъалаа ъибаадиллаахис-Соолихиийн": Намаз окуучуга жана асман-жердеги бардык салих пенделерге саламаттык тилеген дуба. "Ашхаду аллаа илааха ил-лаллооху": Аллахтан башка ибадатка татыктуу жок деп тастыктаймын. "Ва анна Мухаммадан ъабдуху ва расуулуху": Анын (пайгамбардын) пенде жана акыркы элчи экендигин тастыктаймын. Муну айткандан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуучуну каалаган дубасын кылууга үндөдү.