Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди". Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган
explain-icon

exp

Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намаз окуп жатканымда шайтан азгырып мени хушуу (11) менен окуудан тосуп жатат. Мен Куран окуп жатканымда чаташтырып, күмөнгө салып жатат." - деп айтты. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай деди:" Бул Ханзаб деген шайтан. Эгерде муну билип, сезсең, анда Аллахтан коргоо суран, Аллахтан андан коргоо сура жана сол тарабыңа үч жолу аз шилекейиң менен түкүрүп жибер. Усман айтты: Ошентип, мен Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эмнени буйруса, ошону аткардым. Ошондуктан Аллах аны менден кетирди.

explain-icon

Хадистин пайдалары

  • Намазды кичи пейилдик менен окуу жана жүрөктү намаз окууга даярдоо маанилүү. Шайтан намазда ага калакат берүүгө жана шек салууга аракет кылат.
  • Шайтан намазда азгырганда, сол жагына үч жолу түкүрүп, Аллахтын шайтандан коргоосун суроо сооптуу.
  • Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) өздөрүнүн арасында болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн, Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылышканын баяндалды.
  • Сахабалардын жүрөктөрүнүн жашоосу жана алардын акыретке кам көрүүсү баяндалды.