Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазынын сүрөттөлүшүнүн бир бөлүгүн риваят кылып мындайча кабарлап айткан: "Ал намазга турганда “Аллаху Акбар” деп такбиратул ихрамды айткан. Андан кийин “Аллаху Акбар” деп рүкү кылганда, саждага барганда, саждадан башын өйдө көтөргөндө, экинчи саждага барганда, саждадан башын көтөргөндө жана үч же төрт рекет намазда биринчи ташаххудга отургандан кийин алгачкы эки рекеттен турганда такбир айткан. Андан соң бардык намаздарды бүткүчө мына ошондой кылып окучу. Рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллаху лиман хамидах" - деп, андан кийин рүкүдөн тик турганда: "Раббанаа лакал хамд" - деп айткан". Анан Абу Хурайра намазын окуп бүткөндөн кийин мындай дейт: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан".