Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тозоктун тургуну боло турган адамдардын эки тобун айтып эскерткен. Бирок аларды өзү көргөн эмес, анткени анын учурунда мындай адамдар болгон эмес, булар кийинчерээк чыккан: Биринчи тобу: уйдун куйругундай узун камчылары бар адамдар. Аны менен башкаларды урат. Булар жазыксыз адамдарды сабаган милиция кызматкерлери жана залимдердин жардамчылары. Экинчи тобу: адатта аялдын табиятында болгон ыйбаалуулуктун жана уяттуулуктун кийимин сыйрып салган аялдар. Алардын сыпаты: негизинде кийимчен, акыйкатында жылаңач, анткени алар бүт денеси көрүнүп турган жука кийинет, же сулуу көрүнүү үчүн денесинин бир мүчөсүн жаап, экинчи мүчөсүн ачып жүрүшөт. Кийимдери жана баскан-турганы менен эркектердин көңүлүн өздөрүнө бурат. Ийиндерине таянып басышат. Башкаларды туура жолдон бурууга, болуп жаткан адашууга чакырат. Алардын дагы бир сыпаты: баштары төөнүн чайпалган өркөчүндөй, алар чачтарын түйүп, же чүпүрөк менен байлап чоңойтуп алат. Төөнүн өркөчүнө окшоткону, алар чачтарын жана көкүлдөрүн башынын төбөсүнө түйүп алганы, түйүлгөн чачын төөнүн өркөчүндөй ары-бери чайпалтып ойсолоңдоп басканы үчүн. Кимде ушундай жаман сыпаттар болсо, аларга төмөнкүдөй жаман убада берилген, алар бейишке кирбейт, бейиштин жытын жыттабайт, ага жакын да келбейт. А бейиштин жыты өтө алыс аралыктан буркурап турат.