Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү өлүмдүн ак жана кара түстүү болгон кочкордун сүрөтүндө алып келерин баяндады. Чакыруучу: «Эй бейиш ээлери!» - деп чакырат. Алар моюндарын сунуп, баштарын көтөрүп карашат. Аларга: «Силер муну билесиңерби?» - деп айтат. Алар: «Ооба, бул өлүм» - деп айтышат. Алардын баары аны көрүшөт жана билишет. Жарчы: «Эй тозок ээлери!» - деп жар салат. Алар моюндарын сунуп, баштарын көтөрүп карашат. Аларга: «Силер муну билесиңерби?» - деп айтат. Алар: «Ооба, бул өлүм» - деп айтышат. Алардын баары аны көрүшөт жана билишет. Андан кийин ал союлат, анан жарчы айтат: «Эй бейиш ээлери, өлүм болбойт, түбөлүк каласыңар. Эй тозок ээлери, өлүм болбойт, түбөлүк каласыңар». Мына ушул момундардын жыргалчылыгын арттыруу жана каапырлардын азабын көбөйтүү үчүн болот. Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет жана ишенбеген абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Кыямат күнү бейиш менен тозок ээлерин бөлүп коёт. Алардын баары барган жерлеринде түбөлүккө калышат. Ошондо күнөө кылып жүргөн адам жакшылык иштерин кылбаганы үчүн, ал эми ибадаттарга бекем болбогон адам жакшылык иштерин көбөйтпөгөнү үчүн катуу өкүнүшөт.