Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү Хауддун куюучу идиштери асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан да көп болот деп Аллахтын аты менен ант ичип айтты. Асмандын жылдыздары ай чыкпаган караңгы түндө көбүрөөк болот. Анткени айдын жарыгы жылдыздарды тоскону үчүн ачык болбойт. Ошондой эле булуттардын болушу жылдыздардын көрүнбөй калышына тоскоол болот. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыз айсыз жана ачык асмандагы жылдыздар деп айтты. Ал эми бейиштин идиши – кимде-ким андагы суусундуктан ичсе, эч качан чаңкабайт жана ал учур анын акыркы чаңкагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы куюп турат жана анын туурасы узундугуна барабар болот. Хауддун узуну менен туурасы бирдей. Анын ченеминин узундугу - Балка аймагындагы Амман менен Леванттын четиндеги белгилүү шаар болгон Айлага чейинки аралыкка барабар болот. Хауддун суусу сүттөн ак, даамы балдын даамынан таттуу болот.